Lev Melentyev’s biography, net worth, fact, career, awards and life story

Intro Soviet scientist
A.K.A. Lev Aleksandrovich Melentyev
Was Scientist 
Politician 
From Russia 
Type Science 
Politics 
Gender male
Birth 9 December 1908, Saint Petersburg
Death 8 July 1986, Moscow
(aged 77 years)
Politics Communist Party of the Soviet Union
Family
Father: Aleksandr Melentyev 

Мелентьев, Лев Александрович [9(22). 12. 1908-ж. т., Петербург – 8.07.1986, Москва шаары] — энергетика боюнча советтик илимпоз. СССР ИАнын академиги (1966; корреспондент мүчө, 1960). Социалдык Эмгектин Баатыры (1969). 1947-жылдан КПСС мүчөсу. Ленинград поли­техникалык институн бутуп (1930), инженер жана окутуучу болуп иштеген. 1945— 60-ж. Ленинград инженер-экономикалык институтунда кафедра башчысы. 1942—60-ж. СССР ИАнын Энергетика институтунда ст. ил. кызматкер, 1960—65-ж. СССР ИАнын Сибирь бөлүмүнүн Чыгыш- Сибирь филиалынын президиумунун председатели. 1961—66-ж. СССР ИАнын Си­бирь бөлүмүнүн президиум мучосу. 1960-жылдан Сибирь энергетика институтунун директору. 1973-жылдан СССР ИАнын Жогорку температуралар институтунун бөлүм башчысы. 1965-жылдан СССР ИА­нын Энергетиканын физика-техникалык проблемалар бөлүмүнүн академилык секретарынын орун басары. Мелентьевдин илимий эмгектери отун-энергетика чарбасынын тузулушун ыңгайлаштыруу, энергетиканын ири системаларынын өнугүшүн оптималдаштыруу үчүй математикалык ыкмаларды колдонуунун теориялык негиздерин жана методдорун иштеп чыгууга багытталган. Бир катар эмгеги жылуулук электр станцияларын өнуктүрүүгө арналган. СССР Жог. Совети­нин (6, 8-шайл.) депутаты. Үч Ленин ордени, башка 2 орден ж-а медалдар м-н сыйланган.

Москвадагы Новодевич көрүстөнүндө коюлган.

Колдонулган адабияттар

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация – Пиррол. -656 б.

You May Also Like